Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 30-майы № 33

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин, КР 2018-жылдын 10-августундагы № 89, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-берене.

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4-берене.

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2007-ж., N 5, 463-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Экономикалык абалды жакшыртуу максатында, өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүүгө укуктуу.".

5-берене.

(КР 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6-берене. Корутунду жоболор

(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 3-июнунда № 42 жарыяланды

2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 5 жана 6-пункттары 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

Р.Отунбаева

 

 

 

2011-жылдын 22-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган