Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 8-июлу № 84
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө
(КР 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам программалык камсыздоону иштеп чыгаруу индустриясынын өнүгүүсүнө мамлекеттик колдоолордун укуктук негизин, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын иштешин, анын башкаруу органдарын, резиденттерин, Жогорку технологиялар паркынын режиминин калыптануусунун негизги принциптерин, ага кошо резиденттерге салык салуунун негизги принциптерин аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы - юридикалык жана жеке жактар үчүн Жогорку технологиялар паркынын режиминдеги зона, ал Жогорку технологиялар паркынын резиденти болуп саналат жана өзүнүн ишин ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жүзөгө ашырат.
Жогорку технологиялар паркынын режими - Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча салыктардан жана жеңилдиктерден бошотууну белгилеген, ушул Мыйзамдын 4-беренесинде саналып өткөн, Жогорку технологиялар паркынын ишинин түрлөрүн алар тарабынан жүзөгө ашыруу шартында Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине карата колдонулуучу атайын укуктуу, салык режими.
Жогорку технологиялар паркынын резиденти - ушул Мыйзам жана башка актылар тарабынан белгиленген, аларда каралган тартипте резидент катары катталган юридикалык же жеке жак.
Интерактивдүү сервистик борбор (саll-борбор) - программалык-аппараттык комплексттерди колдонуу менен кирген жана чыккан чалууларды иштетүү боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле виртуалдык офистин, техникалык колдоонун жумуш орундарын ижарага алуу жана программалык камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү борбору.
Программалык продуктуларды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмеси программалык продуктуларды иштеп чыгаруучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн коомдук бирикме.
(КР 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Жогорку технологиялар паркынын негизги милдеттери
Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары - ЖТП) негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- программалык камсыздоону, маалыматтык жаңы жана жогорку технологияларды иштеп чыгаруунун ата мекендик индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле интерактивдик сервистик борборлор (саll-борборлор) кызматын көрсөтүү;
- ата мекендик илим сыйымдуу бизнести мамлекеттик колдоодо комплекстүү системаны түзүү;
- ата мекендик жана эл аралык рыноктордо компаниялардын илимий-техникалык иштеринин жыйынтыктарын илгерилетүү, маалыматтык технологиялар жагындагы программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууда экспортту көбөйтүү;
- маалыматтык технологияларды иштеп чыгаруу тармагынын эл аралык өкүлдөрү үчүн ылайыктуу салыктык жана ишкердик чөйрөнү түзүү жолу менен инвестицияларды тартуу;