Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-июлу № 112
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 191-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 5-статьяда:
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүктөгү "эл аралык макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 6-статьядагы "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын элинин саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамында" деген сөздөр "саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Иммунопрофилактикалоо жаатындагы ишти уюштуруунун
негиздери
Кыргыз Республикасында иммунопрофилактикалоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарылоо-профилактикалоо мекемелери жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Коргоо, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тутумунда жана башка аскер түзүлүштөрүндө иммунопрофилактикалоо ведомстволук медицина кызматы тарабынан ишке ашырылат.".