Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 8-июнундагы № 84 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 4-июлу № 96
Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эсепке алуу менен чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана башка эл аралык укуктун субъекттери менен анын тең укуктуу мамилелерин ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын натыйжалуу жана бирдиктүү тышкы саясий багытын калыптандырууга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара иштешүүсүнүн негиздерин аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты - эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын максаттуу иши;
Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багыты - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясында, ошондой эле ченемдик укуктук актыларында бекемделген эл аралык кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы саясый ишинин тышкы саясый максат багыттары жана артыкчылыктары;
тышкы саясий демилге - Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багытын ишке ашыруу маселелерине байланышкан сунуштар;
тышкы саясатынын концепциясы - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын чөйрөсүндөгү өзөктүү саясий документ, ал Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына байланыштуу көз караштардын системасын камтыйт. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин негизги максат багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети (мындан ары - Жогорку Кеңештин тармактык комитети) - карамагына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуусу боюнча маселелер кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети.
3-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын
чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсү
жөнүндө мыйзамдар