Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 10-октябры № 170
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195, 2015-жылдын 6-августундагы № 219, 2016-жылдын 16-майындагы № 60, 2016-жылдын 18-июлундагы № 121, 2017-жылдын 19-июлундагы № 127, 2018-жылдын 10-августундагы № 89, 2022-жылдын 30-июнундагы № 49, 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100, 2023-жылдын 23-мартындагы № 64, 2023-жылдын 8-августундагы № 170, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89, 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 , 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
43-статьяда:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасы өз катышуучуларынын акчалай каражаттарын турак жай-аманат салымдарына тартуу жана өз катышуучуларына мөөнөт коюу, кайтарып берүү жана акы төлөө шарттары менен турак жай кредиттерин берүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.";
4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасынын капиталы акысы төлөнгөн турак жай-аманат салымдарынан жана резервдеринен турат. Капитал катышуучулардын акчалай каражаттарынын эсебинен кур алышы керек.".
7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: