Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 22-февралы № 29
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 165-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. I глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
архив - архивдик документтерди сактоону, комплектөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырган мекеме же уюмдун түзүмдүк бөлүмү;
Кыргыз Республикасында архив иши (мындан ары - архив иши) - Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, комплекттөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну уюштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын иши;
архив документи - аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттери бар, жарандар, коом жана мамлекет үчүн маалыматтын маанилүүлүгүнөн улам сакталууга жаткан маалымат жазылган материалдык алып жүрүүчү;
негизги иш боюнча документтер - алар түзүлгөн учурдан тартып жоюлганга чейинки мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын негизги ишин чагылдыруучу архивдик документтер;
өздүк курам боюнча документтер - кызматчынын жумуш берүүчү менен эмгек мамилелерин чагылдыруучу архивдик документтер;
Улуттук архив фондунун документи - мамлекеттик эсепке алынган жана катталууга жаткан документтин баалуулугу экспертизадан өткөн архивдик документ;
өзгөчө баалуу документ - көөнөргүс маданий-тарыхый жана илимий маанилүүлүгү, коом жана мамлекет үчүн өзгөчө мааниси бар жана ага карата эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген улуттук архив фондунун документи;
уникалдуу документ - өзүндө камтылган маалымат жана (же) анын белгилери боюнча теңдеши жок, жоготулса өз маанисинин жана (же) автографиялуулугунун көз карашынан калыбына келтирилгис өзгөчө баалуу документ;
электрондук документ - документтин милдеттүү реквизиттерин кошуп алганда, анда маалымат электрондук түрдө жазылган документ;
электрондук кол коюу - электрондук документке кол койгон авторду же адамды идентификациялоо үчүн электрондук документ жүгүртүүнүн башка субъекттери тарабынан колдонулуучу электрондук документтин милдеттүү реквизити;