Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 33 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 6-июну № 90

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2012-жылдын 10-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 13-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет.".

2. 15-берененин 1-бөлүгүндө:

бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга;";

он үчүнчү абзацтагы "курамынын" деген сөз "мүчөлөрүнүн санынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 19-беренеде:

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Башкы директор Кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат жана Кеңешке отчет берет. Эгерде Корпорациянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлердин бири да шайлануу үчүн добуштардын жетиштүү санын албаса, анда жаңы конкурс өткөрүлөт.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-бөлүктөр менен толукталсын: