Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 9-июлу № 127

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө

Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздерин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун, токтото туруунун жана токтотуунун тартибин аныктайт.

1-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн принциптери

1. Мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ыйгарым укуктарын берүү төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1) мыйзамдуулуктун;

2) социалдык-экономикалык негиздүүлүктүн;

3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун аныктыгынын жана ачык-айкындуулугунун;

4) тараптардын теңчилигинин (келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө);

5) берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын материалдык жана каржылык жактан камсыз болушунун;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша ыйгарым укуктарды дифференциялоонун;

7) ачыктыктын, коллегиялуулуктун;

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында отчет берүүчүлүктүн;

9) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктардын шайкештүүлүгүнүн.