Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 15-июлу № 145
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2021-жылдын 13 августундагы № 100, 2022-жылдын 20-январындагы № 6, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 21-июлундагы № 143, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 , 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана жерлерди бир категориядан башкасына же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт.
(КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр
Чарба жерлеринин түрлөрү - конкреттүү максаттар үчүн системалуу пайдаланылуучу же пайдаланууга жарактуу жана табигый-тарыхый белгилери боюнча айырмаланган (айдоо аянты, кысыр аңыз, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, чабындылар, жайыттар, бак-бадал өсүмдүктөр, саз, көл, жолдор жана башкалар) жерлер.
Айыл чарба жана (же) токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу - айыл чарба же токой чарба жерлерин берүүдө же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жерлеринин түрлөрүнө которууда төлөнүүчү сумма.
Кысыр аңыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн тартып бир жылдан ашык айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн пайдаланылбаган жана буулантып айдоого даярдалбаган жер участогу.
Арыз ээси - жер участокторун которуу жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар.
Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн арналган жерлер.
Жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу берилген, өткөрүп берилген же мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөн жеке же юридикалык жак.
Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш азыктарын алуу үчүн арналган, жасалма тигилген бактар, бадалдар үчүн (токой аянтысыз) пайдаланылуучу айыл чарба жерлери.