ТоктомКүчүндө

Каракол шаарынын кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы № 26-12/11 «Брусчатка чыгаруучу цехти ачуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-июну № 26-12/11

 

Брусчатка чыгаруучу цехти ачуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгуловдун 04.06.2013-жылдагы чыгыш №1/16-803 «Брусчатка чыгаруучу цехти ачуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү» катын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII  сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Каракол шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш.Акматов, Каракол шаарынын 2012-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы боюнча 2013-жылдын башындагы эркин калдыктагы жол оңдоого акча каражаттын эсебинен, брусчатка чыгаруучу цехти ачуу үчүн жана аны иштетүүгө керектелүүчү материалдарды алуу үчүн 496,800 миң сом Каракол шаарынын мэриясына  акча каражатын бөлүп берсин.  

2.    20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.

3.    Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик  укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.

4.    Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет.

5.    Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (К.И.Алымбаев).

 

Каракол шаардык

кеңешинин төрагасы

 

У.С.Турсунбаев