Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 19-октябры № 195
Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат
берүү тутуму жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 91, 2015-жылдын 21-майындагы № 109, 2015-жылдын 28-майындагы № 122, 2016-жылдын 28-июнундагы № 91, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2017-жылдын 10-майындагы № 79, 2017-жылдын 23-майындагы № 84, 2017-жылдын 2-августундагы № 167, 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 51, 2019-жылдын 18-июлундагы № 89, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51, 2021-жылдын 18-июнундагы № 72, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 143, 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2022-жылдын 6-июнундагы № 42, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 213, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-июнундагы № 103, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2025-жылдын 19-февралындагы № 41, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 23-январы № 6, 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам иштин, аракеттердин, операциялардын айрым түрлөрүн, анын ичинде чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча (мындан ары - иш) лицензиялоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан аткаруу бийлик органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмегин белгилейт.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жеке жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкактарында лицензияларды жана уруксаттарды берүү менен байланыштуу жарандык-укуктук мамилелерге;
2) мамлекеттик каттоо тутумуна;
3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна;
4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ылайыктуулукту баалоо жаатына.
4. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн лицензиялоонун тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ага карама-каршы келбеген бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
Лицензияларды берүү, токтотуп туруу, токтотуу (кайра чакырып алуу/жокко чыгаруу) тартибин кошуп алганда, банктардын, каржы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун тартиби жана өзгөчөлүктөрү, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө, төлөм, микрокаржылык иш жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө, лизинг иши жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка жактардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, өткөрүп берүү тартибин, ошондой эле лицензиялоо, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алып коюу шарттарын кошуп алганда, жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Тышкы соода чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү тышкы соода ишин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.
Телекоммуникация операторлорунун ишин лицензиялоонун, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгаруунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен жөнгө салынат.
Оюн-зоок ишин лицензиялоонун тартиби, анын ичинде лицензияны берүү, токто туруу, токтотуу (кайра чакыртып алуу/жоюу), кайра жол-жоболоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо шарттары, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү жумушка уруксаттарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга уруксаттарды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, жокко чыгаруунун, колдонулушун токтотуунун өзгөчөлүктөрү жана тартиби, ошондой эле уруксатты алуунун, төлөмдөрдү алууга контролду жүзөгө ашыруунун шарттары Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Жарандык авиация чөйрөсүндө уруксаттарды берүү, таануу, узартуу, колдонулушун токтотуп туруу жана жокко чыгаруу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын субъекттерин лицензиялоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо, контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу шарттары "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
5. Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү мамлекеттер менен соодада Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу-мамлекеттери тарабынан ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды ташып келүүгө, ташып кетүүгө, транзитине карата Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана чектөөлөр колдонулат.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары баалуу кагаздарды (эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды кошуп алганда) эмиссиялоого, жайгаштырууга жана жүгүртүүгө катышуучу жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагында номиналдык кармоочунун ролун аткаруучу чет мамлекеттердин аймагында баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин бир же бир нече түрүн жүзөгө ашырууга укугу бар чет өлкөлүк финансылык уюмга ушул Мыйзамда каралган тартипте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын алуу талап кылынбайт.
(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 91, 2016-жылдын 28-июнундагы № 91, 2017-жылдын 4-майындагы № 75 2018-жылдын 14-мартындагы № 29 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 89, 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)