Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 12-декабры № 218

Борбордун статусу жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү

3-глава. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын борборунун - республикалык маанидеги шаар болуп саналган Бишкек шаарынын статусун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкаруусун уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, алардын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелерин белгилейт, ошондой эле Бишкек шаарында башкарууну жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, финансылык жана социалдык шарттарын бекемдейт.

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Бишкек шаарынын статусу

1. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын борборунун статусу мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзгөчөлүктөрү менен шартталган Бишкек шаарынын укуктук абалын, ошондой эле Бишкек шаары тарабынан Кыргыз Республикасынын борборунун иш-милдеттеринин жүзөгө ашырылышына байланыштуу алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

3. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору катары:

1) республиканын администрациялык-саясий, экономикалык, илим-билим берүүчү, тарыхый-маданий борбору;

2) башкаруу мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптерине айкалыштырылып жүзөгө ашырылган, өзгөчө мамлекеттик мааниси бар администрациялык-аймактык бирдик;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстинин түп нускасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун эталондору турган жер;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы, жогорку мамлекеттик бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер болуп саналат.

Айрым мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык борбордон тышкары жайгашышы мүмкүн.

4. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик символдорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга укугу бар.