КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 12-декабры № 219
Ош шаарынын статусу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 18-майындагы № 66, 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 , 2019-жылдын 8-августундагы № 115 , 2019-жылдын 8-августундагы № 118, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166, 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ош шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
3-глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам республикалык маанидеги шаар - Ош шаарынын статусун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, алардын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилесин белгилейт, ошондой эле Ош шаарында башкарууну жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, финансылык жана социалдык шарттарын бышыктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ош шаарынын статусу
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ош шаары өзгөчө мамлекеттик мааниге ээ республикалык маанидеги шаар болуп саналат, аны башкаруу мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча мамлекеттик башкарууну айкалыштыруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырылат.
2. Ош шаары - администрациялык-саясий, экономикалык, илимий-билим берүүчү, руханий жана тарыхый-маданий борбор болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүктөгү резиденциясы жана Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле чет мамлекеттердин консулдук мекемелери жайгашкан шаар.
3. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик символдорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга укугу бар.
Ош шаары өзүнүн Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген символдоруна (герб, туу, гимн) ээ.
2-берене. Ош шаарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Ош шаарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери
Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу Ош шаарынын өз алдынча башкаруу органдары:
1) мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын аймактык бөлүкчөлөрүнө, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө муниципалдык менчиктеги жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды жана орун жайларды, турак жай фонддорун, турак жай-коммуналдык, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтөт;
2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш чараларды өткөрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
3) Ош шаарын өнүктүрүүнүн республикалык максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
4) шаардын аймагынан өтүүчү автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана күтүүгө катышат, калкты транспорт менен тейлөөнү жана байланыш каражаттарын өнүктүрүүнү камсыз кылат;
5) муниципалдык менчикте турган тарыхый жана маданий эстеликтердин сакталышын камсыз кылат жана мамлекеттик менчикке таандык болгон тарыхый жана маданий эстеликтерди күтүүгө катышат;
6) мыйзамдарга ылайык башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
4-берене. Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусунда мамлекеттик бийлик органдарынын көмөк көрсөтүүсү
Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусунда мамлекеттик бийлик органдары төмөнкүлөргө катышуу жолу менен көмөк көрсөтөт:
1) республикалык маанидеги шаар катары Ош шаарынын өнүгүүсүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
2) Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга ылайык, республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин шаардын аткаруусу үчүн зарыл болгон объектилерди Ош шаарынын аймагында куруу, реконструкциялоо жана күтүү пландарын жүзөгө ашырууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин шаардын аткаруусу менен байланышкан Ош шаарынын аймагындагы байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун, транспорттук тутумдарын күтүүгө жана өнүктүрүүгө;