Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 11-январы № 6

Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө

Ушул Мыйзам эркин экономикалык зоналардын ишинин укуктук негизин белгилейт, аларды түзүүнүн, чек араларын белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн, иштөөлөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналарды жоюунун тартибин аныктайт.

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер жана аныктамалар

1. Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) эркин экономикалык зона (мындан ары - ЭЭЗ) - ЭЭЗ субъекттери тарабынан экономикалык иштерди жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын укуктук) режими колдонулган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Кыргыз Республикасынын аймагынын бир бөлүгү;

2) ЭЭЗ өзгөчө (атайын укуктук) режими - экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун жалпы белгиленген режимине караганда кыйла ыңгайлуу жөнгө салуу режимин белгилеген укук ченемдеринин жыйындысы;

3) ЭЭЗ башкы дирекциясы - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү ЭЭЗ башкаруу органы;

4) ЭЭЗ субъекти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана ЭЭЗ башкы дирекциясында эсептик каттоодон өткөн юридикалык жак, ошондой эле филиалдар (өкүлчүлүктөр);

5) ЭЭЗ субъекттеринин реестри - ЭЭЗ субъекти катары мамлекеттик жана эсептик каттоодон өткөн, ЭЭЗ субъекттери катары эсептик каттоодон ажыраган же болбосо жоготкон юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган тизмек.

2. Ушул Мыйзамда колдонулган жарандык, бажы, салык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары мыйзамдардын бул тармактарында алар кандай пайдаланылса, ошол маанисинде колдонулат.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2019-жылдын 11-майындагы N 60 , 2024-жылдын 31-декабрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-берене. ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдар

1. ЭЭЗ иштери жана ЭЭЗ субъекттери катары юридикалык жактарды каттоого байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамда, салык мыйзамдарында, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган зл аралык келишимдерде жөнгө салынат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)