КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-февралы № 35
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123, 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217
Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 18-берененин 2-бөлүгү "жарандык коом өкүлдөрүнүн сунуштары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле колдонуудагы мыйзамдардын мониторингинин жана аларга баа берүүнүн натыйжалары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 22-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"ченемдик укуктук актынын иштелип чыккан долбоору жөнгө салуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүндө мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматты;".
3. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талданышы, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар;".
4. 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 33-1-берене менен толукталсын:
"33-1-берене. Ченемдик укуктук актылардын колдонулушунун мониторинги жана натыйжалуулугуна баа берүү
1. Ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) алардын колдонулушунун натыйжалуулугун жана үзүрдүүлүгүн табуу максатында алар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзөт.
2. Ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жүзөгө ашырууга көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат.
3. Алардын колдонулушунун төмөнкү натыйжалуулугу жана үзүрдүүлүгү жөнүндө күбөлөндүргөн ченемдик укуктук актылардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүн кыйла натыйжалуу жөнгө салуучу жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
4. Ченемдик укуктук актылардын мониторинги жана аларга баа берүү Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-берене.