Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 17-июлу № 139
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө
(КР 2016-жылдын 21-октябрындагы № 170, 2016-жылдын 20-июлундагы № 130, 2021-жылдын 23-мартындагы № 39, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51, 2023-жылдын 7-августундагы № 165 , 2024-жылдын 17-июлундагы № 122, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин белгилейт, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын түзүүнүн тартибин аныктайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн санарип сервистери (мамлекеттик сервистер) улуттук санарип экотутумунун (улуттук экотутум) алкагында көрсөтүлөт. Мамлекеттик сервистерди түзүүнүн жана пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленет.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө;
- өзгөчө статуска ээ мамлекеттик башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына.
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине кызмат көрсөтүүлөр жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин мамлекеттик көзөмөлдөө, контролдоо жана лицензиялык талаптар боюнча функцияларды ишке ашыруу иштери мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишке кирбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башкача тартипте жөнгө салынат.
(КР 2016-жылдын 20-июлундагы № 130, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдар