Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-январы № 21
Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 10-майындагы № 83, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 86 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 , 2026-жылдын 8-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, акчалай которууларды жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин жана формаларын белгилейт, төлөм системаларынын мүнөздөмөлөрүн, төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, төлөм системаларын көзөмөлгө алууну (оверсайт) аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө, юридикалык жактар менен жеке жактардын ортосундагы акча которууларда (эл аралык/трансчекаралык төлөмдөр жана акча которуулар) келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамда жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасында байланыш түйүндөрүн пайдалануу жана электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча иштерге жайылтылбайт. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешеси жок товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жүзөгө ашырылган учурда, операциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, түздөн-түз төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт.
(КР 2017-жылдын 1-мартындагы № 38, 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны накталай же накталай эмес акча каражаттарына тындырууну (алмаштырууну) жүргүзүүчү, электрондук акчаны жайылтуучу юридикалык жак же жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти;
2) электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - электрондук акчанын эмитенти же электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент менен түзүлгөн келишимге ылайык электрондук акча операцияларын жасоону ырастоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акча кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер;
3) накталай эмес эсептешүү - акча каражаттарынын жылышы берилген төлөм документтерине ылайык төлөөчүнүн банктык эсебиндеги акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун банктык эсебине чегерүү жолу менен накталай акчанын катышуусуз, ошондой эле эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлүүчү акча жүгүртүү формасы. Эсептешүү төлөмдүн аяктагандыгы болуп саналат. Накталай эмес эсептешүү ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык банк эсебинен же электрондук капчыктын өздүк эсебинен жана башка булактардан акча каражаттарын эсептен чыгаруу жолу менен эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (төлөм QR-кодун) жана маалыматтарды өткөргүчсүз берүүнүн башка технологияларын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн;