Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 44 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 93 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Жумушчу топтун милдеттери жана ыйгарым укуктары
3. Жумушчу топтун курамы жана ишин уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча Жумушчу топтун максаттарын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктайт. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан түзүлөт (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы).
1.2. Жумушчу топ жарандардын, талапкерлердин тизмесинен киргизилген талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоонун башка катышуучуларынын шайлоо укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу, ошондой эле шайлоо документтеринин мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун жана аныктыгын текшерүү максатында түзүлөт.
1.3. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды, Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын, ошондой эле ушул Жобону жана шайлоо комиссиясынын төрагасынын тескемелерин жетекчиликке алат.
2. Жумушчу топтун милдеттери жана ыйгарым укуктары
2.1. Шайлоо комиссиясына берилген шайлоо документтеринин, анын ичинде талапкерлердин тизмелерин каттоо үчүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктуулугун жана аныктыгын текшерүү Жумушчу топтун милдеттери болуп саналат.
2.2. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн Жумушчу топ төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо үчүн документтерди кабыл алууну жана каттоо күбөлүктөрүн даярдоо;
- шайлоо документтерин кабыл алуу, бардык шайлоо документтеринин болушун жана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлүүчү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын текшерүү;
- талапкерлердин тизмелерин каттоо же болбосо каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлөштүрүлгөн чечимдер жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында кароо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн шайлоо мыйзамдары менен белгиленген шайлоо документтериндеги маалымдамалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн натыйжалары боюнча материалдарды даярдоо;