Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-октябры № 520-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүү максатында, энергетикалык тармактын артыкчылыктарын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүгө тике инвестицияларды тартуу зарылчылыгын жана жагымдуу инвестициялык климат түзүүнү эске алуу менен:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда электр энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы электр энергетика тармагындагы кызматташтык жөнүндө 1996-жылдын 28-мартындагы Макулдашууну көңүлгө алышып,
көрсөтүлгөн Макулдашуунун максаттарына жана Тараптардын анда бекемделген өз ара укуктары менен милдеттерине өздөрүнүн берилгендиктерин ырасташып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Бул Макулдашуу Камбарата ГЭС-1 жана ГЭС-2ни, Сары-Жаз дарыясындагы ГЭС каскадын жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруунун жана пайдаланууга берүүнүн шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүү компанияларын, анын ичинде "Түндүк электр" ачык акционердик коому инвестирлөө жана аларды башкаруу (мындан ары - Долбоор) шарттарын аныктайт.
2-статья.
Долбоорлорду ишке ашырууну төмөнкүдөй уюмдар жүргүзөт:
Мындан ары Ыйгарым укуктуу уюмдар деп аталуучу,
Россия Тараптан - "Интер РАО ЕЭС" ачык акционердик коому;
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, "Электр станциялары" ачык акционердик коому жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому.
Ыйгарым укуктуу уюмдар алмашкан учурда Тараптар бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу дароо кабарлашат жана тиешелүү укук улантуучулукту камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт.
3-статья.
Тараптар Ыйгарым укуктуу уюмдар ар бир объектиси боюнча генерация жана электр тармактык объекттер боюнча - техникалык-экономикалык эсептерди жана техникалык-экономикалык негиздемелерди (мындан ары - ТЭН) даярдоону камтыган Долбоорлорду макулдашкандыгына жана ишке ашыра тургандыгына таянышат.
4-статья.
Ар бир Долбоорду ишке ашырууга башка компанияларды тартуу жөнүндө чечим Ыйгарым укуктуу уюмдар менен бирдикте кабыл алынат.
5-статья.
Ыйгарым укуктуу уюмдар биргелешип Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл каражатты тартышат.
6-статья.
Кыргыз Тарап ТЭНдин натыйжаларына ылайык салыктык, бажылык жана башка артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди берүү жана зарыл учурларда нормативдик жактан бекемдөө аркылуу Ыйгарым укуктуу уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтөт.
Кыргыз Тарап төмөнкүлөргө кепилдик берет:
- Долбоор боюнча генерация объекттери өндүргөн электр энергияны Кыргыз Республикасынын электр тармактары аркылуу үзгүлтүксүз берүүгө жана анын транзитине;
- Кыргыз Республикасына түз келишим боюнча электр энергиясын сатуу жана (же) ТЭЭге ылайык экономикалык жактан негизделген тарифтер боюнча Кыргыз Республикасынан экспорттоо укугун;
- эл аралык укуктун нормаларына ылайык жана алардын нормалары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген инвестицияларды коргоону.
7-статья.
Бул Макулдашуунун аткарылышын координациялоону жана контролдоону төмөнкүдөй мамлекеттик башкаруу органдары ишке ашырат:
Мындан ары - "Компетенттүү органдар" деп аталуучу,
- Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги;
- Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги.
Компетенттүү органдар алмашкан учурлар Тараптар бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу дароо кабарлашат.
8-статья.
Тараптар, анын ичинде Компетенттүү органдар аркылуу өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык маалымат менен, анын ичинде ушул Макулдашууну аткаруунун алкагында жүргүзүлүүчү ишмердикке таандык ченемдик укуктук актылар менен өз учурунда алмашууну камсыздашат.
9-статья.
Бул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди Тараптардын биринин аткаруусуна тоскоолдук түзүүчү жагдайлар пайда болгон учурда Компетенттүү органдар пайда болгон тоскоолдуктардан өтүү жана ушул Макулдашуунун аткарылышын камсыздоо боюнча өз ара кабыл алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында тиешелүү консультацияларды өткөрүшөт.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана/же колдонууда Компетенттүү органдардын ортосундагы консультациялар аркылуу чечилбеген кайчы пикирлер Тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
10-статья.
Бул Макулдашуу Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдер боюнча Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
Ыйгарым укуктуу уюмдардын Долбоорлорго катышуудан келип чыккан милдеттенмелери боюнча Тараптар жоопкерчилик тартышпайт.
Тараптар Ыйгарым укуктуу уюмдардын Долбоорлор боюнча алардын милдеттенмелеринин тийиштүү аткарылышын камсыздоого багытталган чараларды көрүшөт.
11-статья.
Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
12-статья.
Бул Макулдашуу 10 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири Макулдашуунун кезектеги колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде алты ай мурун анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка билдирбесе, ушул мөөнөт бүткөндөн кийин ал өзүнөн өзү кийинки 10 жылдык мезгилдерге узартылат.
Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу аны колдонуу мөөнөтүндө ушул Макулдашуунун алкагында түзүлгөн келишимдер (контракттар) менен каралган милдеттенмелердин аткарылышын козгобойт.
13-статья.
Бул Макулдашуу, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча Тараптар акыркы билдирүүнү алгандан кийин күчүнө кирет.
2008-жылдын "____" ___________ ______________ шаарында эки нускада, ар бири орус жана кыргыз тилинде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн