Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 13-майы № 200-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча комиссиянын курамында:

Комиссиянын курамынан А.К.Аалиев чыгарылсын;

Комиссиянын курамына Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары А.А.Мокенов киргизилсин;

А.А.Мунжуровдун кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын мамлекеттик органдардагы экономикалык укук бузуулар, кыянаттык менен пайдалануулар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги";

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Комиссиянын негизги курамынын тиешелүү мүчөлөрү себептүү жок болуп калган учурда аларды алмаштыруучу Комиссия мүчөлөрүнүн кошумча курамында:

Комиссия мүчөлөрүнүн кошумча курамынан С.Т.Муканбетов, М.С.Усебаев, А.К.Жанузаков чыгарылсын;

Комиссия мүчөлөрүнүн кошумча курамына Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги Т.С.Туташев; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын салык жана финансы органдарындагы салыктык жана финансылык укук бузуулар, кыянаттык менен пайдалануулар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги Т.Б.Мамиров; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын төлөмдөрдү эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги Б.К.Осмонкулов киргизилсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов