Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-декабры № 655-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Баткен жана Чүй облустарында майда фермерлерди колдоо азык-түлүк запастарын толуктоо - Жийде шаарынын Улуттук азык-түлүк коопсуздукту камсыздоо боюнча кыска мөөнөттүү жардамдар боюнча декларациясынын алкагындагы I фаза жөнүндө гранттык макулдашуунун (КҮR-0026) расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун жоболорунун аткарылышы үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги белгиленсин жана министрликтин штаттык санынын жана эмгек акы фондунун чегинде айыл чарба адистерин тартуу менен анын ишке ашырылышын камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрине жогоруда аталган Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
Долбоор № КҮR-0026
УШУЛ МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен (мындан ары" "Бенефициар" деп аталат)" Ислам Өнүктүрүү Банкы (мындан ары "Банк" деп аталат) тарабынан _____/________/ 1429Н (тиешелүү ______/________/2008-ж.) кол коюлган.
Банк финансы комплекстүү келишим жөнүндө Джедда декларациясынын алкагында мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарба секторун Жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө колдоо көрсөтүү максатында беш жыл аралыгында 1,5 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө жардам берерин жарыялаганын, комплекстүү келишим азык-түлүк кризисине жардам көрсөтүү үчүн кадимки каржылоо, кадимки льготалык каржылоо, кечиктирилбеген кыска мөөнөттүү ссудалар Жана гранттар, арадагы Жана узак мөөнөттөгү иш чаралар аркылуу көмөк көрсөтөрүн эске алуу менен.
Fagf ИБР фондуна үч жылга 1429Н тартып, азык-түлүк кризиси таасирин тийгизген мүчө-өлкөлөргө (СГГРСЧ), өзгөчө эң акыркы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 30,000,000 АКШ доллары (Отуз миллион доллар) өлчөмүндөгү Грант жактырылганын эске алуу менен,
Банк 1429Н убагында гранттын негизинде каржыланган Джедда Декларациясынын алкагында 20,000,000 (жыйырма миллион доллар АКШ доллары өлчөмүндө кыска мөөнөттөгү (кечиктирилүүсүз) жардам көрсөтүү планынын биринчи фазасын жактырганын эске алуу менен,
Аталган гранттык сумма негизинен СПРСЧдагы майда жана жакыр фермерлерди колдоого, айыл чарба каражат материалдарына жана кызматтарына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу менен жергиликтүү айыл чарба өндүрүшүнө жардам берүү үчүн Жана өзгөчө учурларда азык-түлүк запастарын толуктоо үчүн пайдаланыларын эске алуу менен,
Бенефициарга таасирин тийгизген азык-түлүк коопсуздугунун олуттуулугун Жана жергиликтүү продукция өндүрүшүнө зарыл шашылыш жардамды жана азык-түлүк коопсуздугун, ушул Макулдашуунун 1-Тиркемесинде көрсөтүлгөн, Банк менен Бенефициардын жетишилген түшүнүктөрүн бекемдөөнү эске алуу менен,
Банк төмөн коюлган шарттарга Жана мөөнөттөргө ылайык Гранты берүүгө макул болгондугун эске алуу менен,
тараптар төмөндөгүдөй макулдашышты:
I-берене. Гранттын суммасы
Банк Бенефициарга 700,000 (жети жүз миң АКШ доллары) АКШ долларынан ашпаган өлчөмдөгү сумманы берет.
II-берене. Каражаттарды алуу жана гранттын каражаттарын пайдалануу
2.01-бөлүм. Гранттын суммасы Бенефицар менен тыгыз кеңешүү Жана макулдашуу менен, тез төлөө тартибин, атайы счет ачуу, ИБРдин аймактык офистерине же филиалдарына, перифериялык бөлүмдөрүнө акча каражаттарын аккредитивдик өткөрүп берүү аркылуу төлөө сыяктуу жол-жоболорду сактоо менен алынат.
2.02-бөлүм. Гранттын каражаттары ушул Макулдашуунун II тиркемесинде көрсөтүлгөн пункттар боюнча чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылат.
2.03-бөлүм. Эгерде Макулдашууга кол коюлгандан тартып, же андан кечиккен Банк менен Бенефициар макулдашкан датадан баштап 90 күндүн ичинде Бенефициар Банка биринчи төлөм жөнүндөгү сурамды бербесе, Банк Бенефициарга өз убагында кабар берип туруп, бул Макулдашуунун аракетин токтотуп кое алат.
2.04-бөлүм. Эгерде 01.05.2009-жылга же Банк менен Бенефициар макулдашкан андан кеч датага Гранттык Макулдашуунун кайсы бир бөлүгү алынбаган болсо, Банк алынбаган акча каражаттарын кайра алып кое алат.
III-берене. Долбоорду ишке ашыруу
3.01-бөлүм. Долбоорду ишке ашыруучу Агент Кыргыз Республикасынын апыл, суу чарба Жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги ("Министрлик") болот.
3.02-бөлүм. Жок дегенде жергиликтүү Министрликтин алдындагы Улуттук үрөн инспекциясынын Агентствосу сертификациялаган Жама Банк менен Бенефициар тарабынан жактырылган үч тапшыруучудан (поставщик) турган кыска тизменин негизинде жергиликтүү эркин соода өткөрүү менен жогорку сапаттагы дан үрөнүн сатып алынат.
IV-берене. Кабардандыруу
4.01-бөлүм. Бенефициар Долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында толук жумушчу күндүн негизинде жергиликтүү квалификацияланган шериктешке көмөк көрсөтүүсү керек.
4.02-бөлүм. Бенефициар өзүнүн бюджетинде Долбоордун жергиликтүү валюталык чыгашаларына ылайык керектүү акча каражаттарын карашы керек Жана ошондой эле операциянын жүрүшүндөгү ашыкча сарптоолорду төлөйт.
4.03-бөлүм. Бенефициардын Гранттын акча каражаттарын пайдаланганын Жана чыгымдар менен кошо Гранттын иштеринин абалын көрсөтүү үчүн банкта счету болушу керек.
4.04-бөлүм. Бенефициар Банка аткарылган иштерди, чыккан көйгөйлөрдү, алдын ала жасалган иш аракеттерди Жана башка Банк сураган иштерди майда-чүйдөсүнө чейин баяндаган отчеттерду Жага кез-кезде ай сайын берии турушу керек.
4.05-бөлүм. Бенефициар Банка Долбоор аяктаган күндөн тартып 90 күвдүн ичинде Аяктоочу Отчету бериши керек.
4.06-бөлүм. Бенефициар Банктын аккредитацияланган өкүлдөрүн Долбоорду ишке ашырууга тиешелүү бардык жерлерге Жана түзүмдөргө эркин кирүүгө кепилдик берүүгө милдеттенет.
V-берене. Күчүнө кирүүсү
4.07-бөлүм. Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
VI-берене. Координациялоо
Бенефициар Министрликти Банк менен маселелерди чечүүгө Жана ушул Макулдашуунун негизинде Бенефициарга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга түздөн-түз жооп берүүгө дайындайт.
VII-берене. Кабардандыруу
Эгерде төмөндө көрсөтүлгөн даректердин бирине колуна берүү менен же электрондук дарек, почта, телекс, телефакс аркылуу бир даректен экинчи бир дарекке кат жүзүндө берилген кайсы болбосун кабар тиешелүү түрдө маалымданган болуп эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
720005
Кыргызстан, Бишкек
Геологическая көч. N 17
ИБР Башкаруу офиси
Тел.: (996 312) 543582
Факс: (996 312) 543580
720040
Кыргыз Республикасы, Бишкек
Киевская көч. N 96А
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлиги
Тел.: (996 312) 623616
Факс: (996 312) 623632
Ислам Өнүктүрүү Банкы
Сауд Аравия Королевствосу
Р.О. Вох: 5925
Джедда-21432
Телеграмма: BANKISLAMIJEDDAN
Телекс: 601137 ISDB SJ
Тел.: + 996 2636 1400
Факс: + 996 2 636 6871
Аткаруу барагы
Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Макулдашууну Преамбулада көрсөтүлгөн күнү кол коюшкандыктарына КҮБӨЛҮК.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН
_______________________________________
ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН АТЫНАН
_______________________________________
Кыргыз Республикасы азык-түлүк тартыштыгы бар, аз кирешелүү өлкө, өзүнүн буудайга керектөөсүнүн 50% камсыздоо үчүн, жылда 500000 тонна эгинди сырттан алып келет. Айыл чарба продуктыларына Эл аралык баанын кескин көтөрүлүшү нан, буудай уну, эт,сүт азыктары сыяктуу негизги азык-түлүккө жана башка бардык продуктылардын чекене баасы өтө эле жогорулап кетти. Продуктыларга баалардын көтөрүлүшү 2008-жылдын январь жана июнь айларында 10,4% түзүп, Борбордук Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 2007-жылга караганда орточо 40-60% түздү. Мүчө-өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугуна Улуттук кыска мөөнөттүү жардамдын алкагында Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) Джедда Декларациясын ишке ашыруу (2008-ж. июнь) үчүн ИӨБ Кыргыз Республикасына азык-түлүк кризисин жеңүүсүнө зарыл финансылык жардам берүүгө макул болгон. ИӨБ жардамы айыл чарба продукциясын көбөйтүү жана жакыр, начар аймактардагы жергиликтүү буудай өндүрүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында жогорку сапаттагы эгиндин (ЖСЭ) үрөнүн камсыз кылуу менен майда фермерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган. Төмөндөгү пункттар долбоорду ишке ашыруунун долбоорун жана механизмдерин баяндап берет:
1) Ислам Өнүктүрүү Банкынын ИӨБ кыска мөөнөттүү гранты болжолдонгон 700000 АКШ доллары өлчөмүндө майда фермерлерди колдоо максатында грант түрүндө берилет.
п) ИӨБ жардамы Баткен Чүй областтарына багытталат. ЖСЭ үрөнү майда фермерлерге бекер таркатылат. Үрөндү транспортировкалоо Жана таркатуу чыгымдарын Айыл, .суу чарба Жана кайра иштетүү өнөр-жай (АСЧжКИОЖ; министрлиги төлөйт.
III) Гектарына ЖСЭ 200-250 кг. үрөн бөлүнөт. Алдын ала натыйжаларга Жана керектөөлөргө Караганда ИӨБ жардамы 750 тонна ЖСЭ үрөнүн сатып алып, 3300 га жерди камсыздайт. Мындан жардам берүүнүн биринчи эле жылында 220 майда фермерлер пайда ала алышат.
IV) Кысылган түшүмдүн 10% мамлекеттик үрөн инспекцияларына берилет. Чогултулган үрөндөр ошол эле максаттуу областтардагы майда фермерлерге (10-20 га) кайрадан бөлүштүрүлүп берилет. АСЧжКИӨЖ министрлиги тиешелүү түрдө көрсөтүлгөн мамлекеттик ведомстволор менен жогоруда айтылган түшүнүктөргө ылайык макулдашууга кол коет.
V) Долбоорду ишке ашыруу максатында Аткаруу Агенти болуп АСЧжКИӨЖ министрлиги дайындалат Жана аткаруу бөлүмү жергиликтүү топ болот. Министрлик айыл чарба адистеринен жок дегенде 5 кишиден турган топту дайындайт, бул топ долбоорду аткаруу бөлүмүнө ИӨБнын жардамын өз убагы/да аткаруусуна жардам берет.
VI) ИӨБнын кыска мөөнөттүү жардамы күздүк буудайды жыйуунун келерки сезонуна (июль-август 2009-ж.) аяктоо мерчемделүүдө.
Жогорку сапаттагы эгиндин үрөнү АСЧжКИӨЖ министрлигинин алдындагы үрөн инспекциясынын Улуттук Агенттигинин сертификациясына ээ болгон жергиликтүү 3 (үч) тапшыруучу (поставщик) курамында болгон кыскача тизменин негизинде жергиликтүү эркин соода жүргүзүү менен сатылып алынат.Тандалып алынган тапшыруучуларга төлөө - гранттын толугу менен жактырылган суммасына (700000 АКШ доллары) бир эле жолу төлөө (единовременная) менен төлөнөт.