КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 1-апрели № 140-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын абаттоо боюнча маселелерди чечүү максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркелген курамга ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын абаттоого байланыштуу маселелерди чечүү жөнүндө тийиштүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тийиштүү адистерин белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жактан жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 140-б буйругуна тиркеме |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун
КУРАМЫ
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Маматалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: