Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-майы № 255-б
2009-жылдын май айында болуп өткөн табигый кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан Тажикстан Республикасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиркемеге ылайык министрликтин кампаларындагы товардык-материалдык баалуулуктар түрүндө гуманитардык жардамды жеткирүүнү уюштурсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 млн.993 (төрт миллион тогуз жүз токсон үч) миң сом суммада гуманитардык жардам жиберүүгө байланышкан чыгымдарынын ордун толтурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы менен бирдикте гуманитардык жүктү тоскоолдуксуз бажылык тариздөөнү жана жөнөтүүнү камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-майындагы № 255-б буйругуна тиркеме |
1. Арматура - диаметри-12 - 3,400 тонна (суммасы КНС менен 112332 сом).
2. Арматура - диаметри-10 - 9,961 тонна (суммасы КНС менен 328713 сом).
3. Шифер - 1000 такта (суммасы КНС менен 191 640 сом).
4. ТМ -1000 трансформатору - 3 даана (суммасы КНС менен 2567499 сом).
5. Электр кыймылдаткычтар - 2 даана (суммасы КНС менен 213252 сом).
6. ДВП - 5000 кв.м (суммасы КНС менен 621000 сом).
7. Суу менен камсыздоо үчүн заглушкалар, муфталар, капкакчалар (суммасы КНС менен 68467 сом).
8. Буу казандары - 2 даана (суммасы КНС менен 256248 сом).
Бардыгы: 4 млн. 359 миң 152 сом.
Иш-сапардык жана транспорттук чыгымдары менен кошо бардыгы: 4 млн. 993 миң 256 сом.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси-министр Н.Айтмурзаев