Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-декабры № 682-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Тараптар), эки Тараптын тең узак мөөнөттүү жана туруктуу негизде өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыкка болгон кызыкчылыгын эске алып, медицина жана саламаттык сактоо тармагындагы салттуу байланыштарды колдоп жана өркүндөтүү далалатына көңүл буруп, мамлекеттердин эгемендүүлүгүн сыйлоо жолу аркылуу тең укуктуу башкаруу, коңшулук принциптеринин негизинде,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз мыйзамдарынын чегинде медициналык илим, фармация, саламаттык сактоо тармактарындагы өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттерин жумшашат.
2-берене.
Тараптар калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо тармагындагы алдыңкы маселелерди чечүүдө кеңири масштабдагы кызматташтыкты өнүктүрүп жүрүп отурушат. Бул максатта саламаттык сактоо мекемелери менен бирге саламаттык сактоо органдарынын ортосундагы түз байланыштардын калыптануусуна жана кеңейүүсүнө шарт түзүшөт.
3-берене.
Тараптар саламаттык сактоо менен медициналык илимдин төмөнкү тармактары боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүшөт:
- чоңдор менен балдарга баштапкы жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү;
- алдын алуучу медицина;
- салттуу жана элдик медицина;
- фармация жана медициналык техника;
- санитардык-курорттук дарылоо жана калыбына келтирүү;
- илимий жана медициналык кадрларды даярдоо;
- илимий иштелмелерди биргелешип өткөрүү;
- саламаттык сактоого маалымат компьютердик системаны иштеп чыгып киргизүү;
- саламаттык сактоо системасын реформалоодогу алдыңкы маселелерди иштеп чыгуу;
- медициналык статистика;
- ыкчам маалыматтар менен алмашып туруу.
4-берене.
Бул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык эки тараптуу ведомстволук аралык кызматташтык кызматкерлерди окутуу, адистер жана медициналык-техникалык маалыматтар менен алмашуу, дарт аныктоо жана дарылоонун жаңы усулдарын колдонуу боюнча усулдук материалдарды иштеп чыгуу, симпозиумдарды уюштуруу, монография менен макалаларды жарыкка чыгаруу, бирдиктүү патенттерди жасоо жолу аркылуу макулдашылган негизде (макулдашылган баа жана иштиктүү прейскурант боюнча) ишке ашырылат.
5-берене.
Тараптар ыкчам жана кечиктирилгис медициналык жардамды Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын жарандары үчүн чыгымдарды өз ара компенсациялабастан бекер көрсөтүшөт. Тараптар пландуу медициналык жардамды Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин берген жолдомосу боюнча жүргүзүшөт. Мындай учурда дарылоо акысы пациенттин жашаган же иштеген жериндеги өндүрүш жана мекеме, камсыздандыруу уюмдары тарабынан же жарандын жеке каражаттары тарабынан төлөнүүсү керек.
6-берене.
Тараптар аталган Макулдашуунун жүзөгө ашышына карата өз ара эсеп системасын иштеп чыгып, конкреттүү багыттарды, көзөмөл жана кызматташтык формаларын аныктоо үчүн ар дайым иш алып барып туруучу комиссияны түзүшөт.
7-берене.
Тараптар бир-бирине съезд, конференция жана башка ушул кыяздагы иш-чараларды өткөрүүнүн планы жөнүндө маалымдап турушат. Тараптар өз өлкөлөрүнүн илимий, медициналык коомчулук жана башка уюмдардын суроо жана сунуштары боюнча командировкага жөнөткөн Тараптардын эсебинен мына ушул иш-чараларга катышып жатышкан адистерди кабыл алууга көмөк көрсөтүшөт.
8-берене.
Курч кырдаалдар учурунда Тараптар ыкчам дарылоо-кеңеш берүүчү жардамды бекер камсыз кылышат.
9-берене.
Инфекциялык оорулардын пайда болушун чектөөдө Тараптар бири-бирине адистерди, кайтарымсыз түрдөгү материалдык каражаттарды жөнөтүү жолу аркылуу көмөк көрсөтүшүп, өз ара макулдашуулардын негизинде чектеш территорияларга изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
10-берене.
Тараптар орто жана жогорку медициналык окуу жайларынын окуу пландарын жана программаларын жакшыртуу боюнча биргелешип иш алып барышат, ошондой эле бул окуу жайларынын ортосунда түз чыгармачыл байланыштарды орнотуу менен коммерциялык негизде аспирант, студент жана окуучулар менен өз ара алмашууларды жүргүзөт.
11-берене.
Бири-бирине талапташ структуралардын өз ара аракетинин негизинде Тараптар макулдашуу жолу аркылуу өздөрүнө баш ийген мекемелердеги медициналык, окутуучулук жана илимий кадрлардын квалификациясын коммерциялык негизде циклдерге путевка бөлүп берүү жана жумушчу орундарга стажировкага жөнөтүү жолу аркылуу жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүп беришет.
12-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протоколдор аркылуу толтурулуучу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
13-берене.
Бул Макулдашууга тиешелүү болгон Тараптар ортосундагы талаш-тартыш жана пикир келишпестиктер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу аркылуу чечилет.
14-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири алты ай мурун бул Макулдашууну токтотуу боюнча экинчи бир Тарапты кат жүзүндө кабардар кылбаса, анын мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки беш жылдыкка узартылат.
200_-жылы кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде үч экземплярда түзүлдү. Бардык тексттер аутенттүү болуп саналат.
Эгерде бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо кандайдыр бир пикир келишпестиктер жарала турган болсо, Тараптар орус тилиндеги текстке карап иш кылышат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо сактоо министрлиги үчүн
| Түркмөнстандын Саламаттык министрлиги үчүн |