Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-декабры № 727-б
2010-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташуу программасынын тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып,
тарыхый түптөлгөн өндүрүштүк жана илимий-техникалык байланыштары менен шартталган эки мамлекеттин өз ара экономикалык кызыкчылыктарына негизделип,
аларды сактап калуунун жана өз ара пайдалуу жана тең негизде андан арык өнүктүрүүнүн, эки мамлекеттик экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуунун жана алардын элдеринин жыргалчылыгын жогорулатуунун объективдүү зарылдыгын таанып,
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясы ортосунда достук, кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди, 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияны, 2008-жылдын 9-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти менен Россия Федерациясынын Президентинин биргелешкен кайрылуусун жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1. Программанын негизги максаттары жана маселелери
2010-2013-жылдарга Экономикалык кызматташуу программасы (мындан ары - Программа) Тараптар менен өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча чаралардын макулдашылган комплексин ишке ашыруу, экономиканын алдыңкы тармактарындагы ишканалардын өндүрүштүк кызматташуусунда олуттуу прогресске жетишүү, өз ара товар жүгүртүүнү өстүрүү жана ушунун негизинде эки мамлекеттин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.
Ушул максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй жолдор менен мамлекеттердин экономикалык кызматташуусунун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу каралган:
эки тараптуу мамилелердин макулдашуу-укуктук базасын өркүндөтүү;
эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу кызыкчылыгында соода-экономикалык, инвестициялык кызматташуунун масштабдарын кеңейтүү жана тармактык диверсификациялоо;
эки өлкөнүн ортосунда финансы-кредиттик мамилелердин маселелеринин өз ара алгылыктуу чечимдерин табуу;
билим берүү, илим, маданият, маалымат, социалдык өнүгүү жана миграция жаатында кызматташууну кеңейтүү жана өркүндөтүү;
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүштөрү менен Россия Федерациясынын субъекттеринин ортосунда түз соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарынын масштабын кеңейтүү, механизмин өркүндөтүү;
эки мамлекеттик аймактарында жайгашкан чарбакер субъекттердин ак ниет атаандаштыгы үчүн шарттарды түзүү жана тең мүмкүнчүлүктөрдү, кепилдиктерди камсыз кылуу;
эки тараптуу, региондук жана глобалдык деңгээлдерде курчап турган чөйрөнү коргоо көйгөйлөрү боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү.
2. Экономикалык кызматташууну өнүктүрүү
Программаны ишке ашыруу мамлекеттердин экономикалык кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт, Евразиялык экономикалык коомчулуктагы жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде интеграциялык процесстерди жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
Тараптардын отун-энергетикалык жана агрардык комплекстеги, тоо-кен казуу жана металлургия өнөр жайындагы, машина куруудагы, транспорт, маалыматтык технологиялар жана байланыш жаатындагы, финансы-кредиттик мамилелердеги, банк чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташуусу алдын ала каралууда.
Илим жана техника, билим берүү, саламаттыкты сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо, гидрометеорология, бажы иши, эмгек миграциясы жана туризм жаатында өз ара пайдалуу кызматташуу ишке ашырылат.
3. Программанын ишке ашырылышын башкаруу
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүн караштыруу соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан ишке ашырылат, анын улуттук бөлүктөрүнүн төрагалары программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды бекитет.
Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларда тараптардын мамлекеттик органдарынын жана чарбакер субъекттеринин программаны ишке ашырууга багытталган конкреттүү аракеттери аныкталат.
Комиссия программаны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракетин координациялоо, ишке ашырылышын контролдоо жана зарыл болгон учурларда программага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө чечимдерди кабыл алат.
_________________ шаарында 2010-жылдын "___" _________ эки нускада, ар бири орус жана кыргыз тилдеринде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |