Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-июлу № 361-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен Австрия патент ведомствосунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жана Австрия патент ведомствосу,
эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди эске алып, эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык интеллектуалдык менчик укугун натыйжалуу коргоону камсыз кылуу үчүн Тараптардын ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарын өнүктүрүп,
эки тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнүп жана авторлордун жана интеллектуалдык менчик укугунун ээлеринин укуктарын сактоого умтулуп,
интеллектуалдык менчик укугун натыйжалуу жана негиздүү коргоо мындай кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн зарыл шарт болуп эсептелээрин таанып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуунун максаты болуп, интеллектуалдык менчик жаатындагы Тараптардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө эсептелет.
Тараптар интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын өзгөрүүлөрү жөнүндө, ошондой эле өздөрүнүн ведомстволорундагы уюштуруучулук өзгөрүүлөр тууралуу маалымат алмашып турушат.
2-берене.
Тараптар ушул Макулдашууга жана алар катышуучулар болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайда көрүүнүн жана тең укуктуулуктун негизинде интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы кызматташтыкты жүзөгө ашырышат жана өнүктүрүшөт.
Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана пайдалануу менен байланышкан маселелерди талкуулоону;
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары боюнча интеллектуалдык менчикти коргоого тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык менчик боюнча расмий жарыялоолорду, ошондой эле интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы тажрыйбаларды жана адистерди алмашууну;
адистердин жана эксперттердин биргелешкен стажировкаларын уюштурууну жана алардын квалификациясын жогорулатууну;
биргелешкен конференцияларды, семинарларды жана жумушчу жолугушууларды уюштурууну;
Патенттик кооперация жөнүндө келишимдин колдонулушуна жана өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп, колдонулуп жаткан милдеттенмелерге зыян келтирбестен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун алкагында кызматташтыкты жүзөгө ашырууну, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында кызматташтыкты;
Тараптар өз ара макулдашкан кызматташуунун башка формаларын.
Кызматташтыктын бардык формалары Тараптардын финансылык жана кадрдык ресурстарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3-берене.
Бул Макулдашуу боюнча бардык кат алышуулар англис тилинде жүргүзүлөт.
4-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды ар бир Тарап өз алдынча көтөрөт.
5-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
6-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап колдонууга кирет жана беш жыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири тиешелүү мөөнөттүн аяктарына үч ай калганга чейин ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндөгү өзүнүн ниети жөнүндө башка Тарапка кагаз жүзүндө билдирбесе, Макулдашууну колдонуу кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
7-берене.
2009-жылдын "___" _________ шаарында, ар бири бирдей күчкө ээ болгон кыргыз, орус, немец жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө карама-каршы пикирлер пайда болсо, Тараптар англис тилиндеги тексти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Австрия Мамлекеттик патент
патент ведомствосу үчүн кызматы үчүн