Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-августу № 342-б
"Кыргыз Республикасында укуктук бирдиктерди каттоону координациялоону жакшыртуу" кыргыз-норвегия долбоорунун иш-чараларына өз учурунда даярдык көрүү жана сапаттуу өткөрүү максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кызыктар министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо сунушталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун төрагасынын орун басары.