Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-апрели № 119-б
Айыл чарба жана азык-түлүк жаатындагы кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Монголиянын азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр-жай министрлиги теңчилик жана өз ара пайдалуу принциби менен айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулууну жетекчиликке алуу менен төмөндөгү түшүнүүгө келишти:
1-берене.
Тараптар ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-берене.
Кызматташуу төмөндөгү негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:
- дыйканчылык, анын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү, генетикалык материалдар жана биотехнологияларды алмашуу;
- мал чарбачылыгы, анын ичинен асылдандыруу иши, ветеринария, жайыттарды башкаруу;
- агро өнөр-жай комплексинин өндүрүшүн механизациялоо жана автоматизациялоо;
- мелиорация сугаруу системалары;
- кайра иштетүү өнөр-жайы;
- агро өнөр-жай комплексиндеги чарбачылык ыкмаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- экономика жана агрардык саясат, айыл чарба тармагында соода операцияларын жүргүзүүдө экономикалык өз ара пайдалуу мамилелер;
- тиешелүү мекемелерде жарыяланган изилдөөлөрдүн натыйжалары менен алмашуу;
- кызматташуунун башка багыттары Тараптардын өз ара келишими менен кошулат.
3-берене.
Тараптар өз иш билгисинин чегинде Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык экономикалык кызматташуунун катышуучуларына түздөн-түз көмөк көрсөтүп, жардам кылышат, Тараптардын мамлекеттеринде өткөрүлө турган экономикалык өзгөрүүлөрдүн шарттарында айыл чарбасы жана азык-түлүк тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыздашат.
Тараптар айыл чарба азыктарынын, материалдарынын жана жабдууларынын өз ара пайдалуу соода-сатык иштерин ишке ашырууга жана кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык төмөндөгү формаларда ишке ашырылат:
- адистер менен алмашуу, айыл чарба адистеринин окуусун уюштуруу;
- агрардык илим тармагындагы бирдиктүү изилдөөлөр, анын ичинен агро өнөр-жай өндүрүшүндөгү алдыңкы ыкмалар жана технологияларды алмашуу;
- айыл чарба жарманкелерин жана көргөзмөлөрүн уюштуруу;
- айыл чарба тармагындагы укуктук ченемдик актылары, илимий жана экономикалык иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
- кызматташуунун башка багыттары Тараптардын өз ара келишими менен кошулат.
5-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо максатында Тараптар өз тарабынан Департаменттин директорунан төмөн эмес деңгээлдеги өкүлдү белгилешет.
Жооптуу өкүлдөрдүн жолугушуулары Тараптардын өз ара келишүүсү боюнча кезек менен Кыргыз Республикасында жана Монголияда өткөрүлүп турат. Тараптар мындай жолугушуулардын мөөнөттөрүн жана тематикасын кошумча макулдашып алышат.
6-берене.
Тараптардын макулдашуусу менен ушул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
7-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун түшүндүрүүдө жана колдонууда чыга турган кандай болбосун талаштар жана кайчы пикирлер тараптар ортосундагы кеңеш берүүчүлүк жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
8-берене.
Бул Меморандум Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттерине зыян тийгизбейт.
9-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдын ичинде иш-аракетте болот. Эгерде биринчи Тарап экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун иш-аракетин токтотуу жөнүндөгү оюн кезектеги беш жылдык мөөнөт өткөнгө алты ай калганда дипломатиялык жолдор менен кат жүзүндө билдирбесе, анын иш-аракет мөөнөтү автоматтуу түрдө кийинки беш жылга узартылат.
Ушул Меморандумду токтотуу эгерде Тараптар башка чечим кылышпаса Меморандум ишке киргизиле электе буга ылайык ишке ашырыла турган программаларга таасирин тийгизбейт.
Макулдашуу Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-апрелинде кыргыз, орус жана монгол тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, эки түп нуска тең бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашууну талкуулоодо кайчы пикирлер келип чыкса, анда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Монголиянын Азык-түлүк,
Айыл чарба жана мелиорация айыл чарба жана жеңил
министрлиги үчүн өнөр- жай министрлиги үчүн