Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-апрелиндеги № 120-б
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясын түзүү жана анын функциялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 10-июлунда Улан-Батор шаарында (Монголия) кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтү,
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясын түзүү жана анын функциялары жөнүндө 1993-жылдын 10-июлунда Улан-Батор шаарында (Монголия) кол коюлган Макулдашууну жетекчиликке алып,
Комиссиянын натыйжалуу иштешин камсыздоо жана аталган Макулдашуунун беренелерин Комиссиянын жыйындарын өткөрүүнүн иш жүзүндөгү практикасына шайкеш келтирүү үчүн,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 11-беренеси төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"11-берене.
Комиссиянын жыйындарынын катышуучуларынын жол киресин, анын туруктуу жана убактылуу органдарынын заседаниелер өткөрүлүүчү жерге баруусун жана кайра келүүсүн каржылоого байланышкан чыгымдарды, ошондой эле жыйындын катышуучуларынын өлкө ичиндеги жыйын өткөрүлгөн башка шаарга баруусун, жыйындар өткөрүлгөн учурдагы жашоосун, тамактануусун каржылоо менен байланышкан чыгымдарды өз өкүлдөрүн жиберген Макулдашуучу Тарап көтөрөт.
Аймагында жыйын өткөрүлүүчү Макулдашуучу Тарап Комиссиянын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү, транспорттук тейлөө жана башка протоколдук иш-чаралар менен байланышкан чыгымдарды көтөрөт.".
2-берене.
Бул Протокол Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясын түзүү жана анын функциялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 10-июлунда Улан-Батор шаарында (Монголия) кол коюлган Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарында 2012-жылдын "______" апрелинде ар бири кыргыз, орус жана монгол тилдеринде болгон эки нускада түзүлдү. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Монголиянын Өкмөтү
Өкмөтү үчүн үчүн