Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-апрели № 121-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Монголиянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Монголиянын Тышкы иштер жана соода министрлиги,
эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө аракеттенип;
эл аралык тынчтык жана коопсуздукту андан ары бекемдөөгө багытталган кызматташууну улантууну каалап,
демократиянын, адам укуктарынын жана негизги эркиндиктеринин принциптерине берилгендигин дагы бир жолу ырастап,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган бардык тармактарда кызматташууну колдошот жана алардын ортосунда түз байланыштарды орнотууга аракеттенишет. Ошондой эле Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу өткөрүү шарттары алдын ала макулдашылган семинар, биргелешкен изилдөө иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар эл аралык жана региондук уюмдардын алкагында өз иштерин координациялоо максатында кызматташат жана бири-бирине консультация беришет.
3-берене.
Тараптар ар бир 2 жылда саясий консультацияларды дайыма өткөрүп турушат. Мындай консультациялар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн ортосунда эки өлкөнүн борбор шаарларында кезек-кезеги менен эки тараптуу жана ар тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулоо максатында жана өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча пикир алмашуу максатында өткөрүлүп турат.
4-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган конкреттүү маселелерди иликтөө үчүн эксперттер тобун түзө алышат.
5-берене.
Консультацияларды өткөрүүнүн күнү, күн тартиби, орду жана деңгээли дипломатиялык каналдар аркылуу алдын ала макулдашылат.
6-берене.
Бул Меморандум эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн башка эки тараптуу макулдашуулардан чыккан милдеттерге тиешелүү эмес.
7-берене.
Бул Меморандумду Тараптар өз өлкөлөрүнүн колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырышат.
8-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан ар кандай талаш-тартыш жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда консультация жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптар аныктаган тартипте күчүнө кирет жана ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
10-берене.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою жарактуу болот. Эгер жарактуулук мөөнөтү бүтөөрдөн алты ай мурда Тараптардын эч бири бул Меморандумдун жарактуулугун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу түрүндө кабарлабаса, анын жарактуулугу кийинки ушундай мөөнөткө же мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартыла берет.
__________________шаарында 2012-жылдын "___" _____________ эки түп
нускада, ар бири кыргыз, монгол, орус жана англис тилинде түзүлдү. Мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Меморандум күчүнө кирген күндөн баштап 1993-жылдын 29-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Монголиянын тышкы катнаштар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Протоколу өз аракетин токтотот.
Текстти чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Монголиянын
Тышкы иштер Тышкы иштер жана соода
министрлиги үчүн министрлиги үчүн