Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 14-майы № 195-б
Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүнүн жана кыянат пайдалануунун масштабдары кеңейип баратканына тынчсызданганын билдиришип,
баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин ден соолугуна жана бакыбаттыгына олуттуу коркунуч жаратаарын түшүнүшүп,
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда 1997-жылдын 24 (25) октябрында Анкара шаарында кол коюлган Түбөлүк достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин жоболоруна таянышып,
БУУнун Баңги каражаттар жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенциясынын, Баңги каражаттар жөнүндө 1961-жылдагы бирдиктүү конвенцияга оңдоолор жөнүндө 1972-жылдагы Протоколдун, БУУнун 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциясынын, ошондой эле БУУнун 1988-жылдагы Баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш жөнүндө конвенциясынын жоболорун эске алышып,
баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө натыйжалуу кызматташтыкты жөнгө салуудагы өз ара кызыкдарлыкка жана жалпы ниетке негизденишип,
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине таянуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
1. Бул Макулдашуунун предмети болуп Тараптардын баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду (мындан ары - наркотиктер) мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы натыйжалуу чара көрүүнү уюштуруу максатындагы кызматташтыгы эсептелет.
2. Бул Макулдашууга ылайык Тараптар кызматташтыкты өз компетенцияларынын чегинде жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык жүргүзүшөт.
3. Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын алар катышуучу болгон башка эл аралык Макулдашууларынан келип чыгуучу укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт.
4. Бул Макулдашуу кылмыштык иштер боюнча экстрадиция жана мыйзамдык жардам көрсөтүү маселелерине тиешеси болбойт.
2-берене.
1. Тараптар бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык кызматташтыкты төмөнкү формаларда ишке ашырышат:
а) наркотиктерди мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы чара көрүү боюнча маалыматтарды алмашуу;
б) наркотиктерди мыйзамсыз жүргүзүүгө байланышкан маселелер менен бир Тараптын суроосу боюнча экинчи Тараптын операциялык-иликтөө иштерин жүргүзүүсү;
в) наркоманиянын алдын алуу, наркотиктер жөнүндө маалыматтарды чогултуу жагындагы улуттук саясат, наркотиктерге каршы күрөштө органдардын арасындагы кызматташтыкты координациялоо маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
г) Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык "контролдонуучу берүү" ыкмасын колдонуу;
д) наркотиктердин мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоодо, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы чара көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө кызматташуу жана жардамдашуу;
е) иш боюнча жолугушууларды, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү аркылуу тажрыйба алмашуу;
ж) наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы чара көрүү маселелери боюнча улуттук мыйзамдар маселеси боюнча, статистикалык маалыматтар жана жаңы методдор жөнүндө информацияны алмашуу;
з) кызматкерлерди жалпы жана эксперттик окутуу;
и) материалдык, техникалык жана консультациялык жардам көрсөтүү, ошондой эле эксперттик жардам көрсөтүү;
й) наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү тармагындагы проблемалар боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
к) мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган наркотиктерге анализдин жыйынтыктарын алмашуу.
2. Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун аткаруу жана натыйжалуу маалымат алмашуу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин дипломатиялык миссияларында байланыш офицерлерин жана/же атташени дайындоосу мүмкүн.
3. Бул Макулдашуу Тараптардын башка өз ара алгылыктуу формадагы ар кандай кызматташууну даярдоого жана өнүктүрүүгө багытталган ниеттерин чектебейт.
3-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашуу төмөнкү маселелер боюнча ишке ашырылат, алар:
а) эки Тараптын тең же алардын биринин кызыкчылыгына тиешелүү, башка Тараптын мамлекетинин аймагында жасалган же жасалганы жаткан, наркотиктерди мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү бардык кылмыштар жана мыйзам бузуулар;
б) наркотиктерди мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүүгө шектүү адамдар;
в) бир Тараптын мамлекетинин аймагынан башка Тараптын мамлекетинин аймагына наркотиктерди мыйзамсыз өткөрүүгө байланышкан конкреттүү фактылар жана окуялар;
г) наркотиктерди контрабандалоочу, иши трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу топтордун байланыштары, структурасы, ишинин түрү жана кимдер экендиги;
д) Тараптардын аймактарында иштеген жана наркотиктерди контрабандалоого тартылган кылмыштуу топтордун же конкреттүү адамдардын арасындагы байланыштар же байланышы бар экендигине шектенүүлөр;
е) наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүгө багытталган кылмыштуу иштин формалары жана методдору;
ж) наркотиктерди мыйзамсыз жүгүртүүдөн түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга багытталган иштер;
з) наркотиктерди контрабандалоодо аларды табуу үчүн колдонулчу формалар менен ыкмалар, ошондой эле андай контрабанданы токтотууга багытталган иш-чаралар;
и) наркотиктердин жаңы түрлөрү, жасоонун технологиялары жана пайдалануунун методдору;
й) ошондой эле өз ара кызыкчылыкты туудурган башка маселелер.
4-берене.
1. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроолор корголгон каналдар менен жазуу түрүндө жиберилүүгө тийиш.
Кечиктирүүгө болбочу учурларда суроону телефон байланышы аркылуу оозеки жиберсе болот, бирок ал 3 иш күндөн кечиктирбестен жазуу түрүндө, зарыл болсо байланыштын корголгон каналдары боюнча же башка техникалык каражаттар аркылуу ырасталышы керек.
Алынган суроонун аныктыгы же мазмуну боюнча күмөн пайда болсо, документте көрсөтүлгөн нерсенин мазмуну боюнча жазуу жүзүндө кошумча ырастоо же түшүндүрмө суралышы мүмкүн.
2. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроодо төмөнкүлөр болууга тийиш:
- суроо жиберген Тараптын аталышы;
- суроо жиберилген Тараптын аталышы;
- суроонун максатына жана мазмунуна кыскача баяндама;
- суроону аткаруунун абзел мөөнөтү;
- эгер зарыл болсо суроонун же суралып жаткан айрым иштердин жашырындыгы жөнүндө көрсөтүү;
- эгер зарыл болсо, суроонун англис тилиндеги котормосу;
- суроону аткаруу үчүн керектүү башка ар кандай информация же маалыматтар.
3. Эгерде суроо же жооп ушул талаптарга жооп бербесе Тараптар кошумча маалыматты сурашы мүмкүн.
4. Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун чегинде берки Тарапка кызыктуу болот деп эсептеген информацияны андан суроо албастан эле жиберет.
5-берене.
1. Суроону алган Тарап суроонун мүмкүн болушунча тез жана толук аткарылышын камсыздоо үчүн баардык зарыл чараларды көрөт. Суроо, эреже катары, алынган күндөн 30 суткадан ашпаган мөөнөттө аткарылат.
2. Эгерде суроо жиберилген мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбесе Суроону алган Тарап суроо жиберген Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлүнө суроону аткаруу учурунда өзүнүн мамлекетинин аймагында болууга уруксат бере алат.
6-берене.
1. Эгерде суроону аткаруу мүмкүн болбосо же аны аткаруудан баш тартылса, суроо жиберилген Тарап суроочу Тарапты дароо жазуу түрүндө маалымдайт да, суроону аткарууга бөгөт болгон себептер тууралуу кабарлоо менен суроону жана анын баардык тиркемелерин кайра артка жиберет.
2. Эгерде суроону аткаруу мамлекеттин эгемендигине, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн деп эсептесе, же ал мамлекеттин мыйзамдарына каршы болсо, анда суроону аткаруудан толук же айрым бөлүгүн аткаруудан баш тартылышы мүмкүн.
3. Эгерде суроону алган Тарап суроону дароо аткаруу ал мамлекеттин аймагында ишке ашырылып жаткан кылмышты жазалоого же башка өндүрүшкө тоскоол болот деп эсептесе, ал суроону аткарууну кийинкиге жылдырышы же аны суроо жиберген Тарап менен кеңешкенден кийин зарыл деп аныкталган шарттардын аткарылышына жараша ишке ашырышы мүмкүн. Суроочу Тарап сунушталган шарттар менен көмөк көрсөтүлүшүнө макул болсо, анда ал ушул шарттарды аткарууга тийиш.
7-берене.
1. Тараптар наркотиктерди мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы чара көрүү маселеси боюнча Тараптардын ортосунда маалымат алмашуунун предметтеринин бири болуп эсептелген информациянын, ошондой эле документтердин жана материалдардын мазмунунун жашырындыгын камсыз кылышат.
2. Суроону жиберген Тарап алынган маалыматтарды суроодо көрсөтүлгөн максаттарда гана колдонот. Информацияны башка максатка пайдалануу үчүн суроо жиберилген Тараптын макулдугу керек болот.
8-берене.
Тараптар бул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтыкты жүргүзүшкөндө иштеги тил катары кыргыз, түрк же англис тилдерин пайдаланышат.
9-берене.
1. Тараптар бул Макулдашууну өзүнүн мамлекетинин аймагында ишке ашырууга байланышкан бардык чыгымдарды өздөрү көтөрүшөт.
2. Эгерде алардын ортосунда жазуу түрүндөгү башкача макулдашуу болбосо, Тараптар өз өкүлдөрүнүн кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына барып-келүүсүнө жана жашоосуна байланыштуу бардык чыгымдарын өздөрүнө алышат.
3. Суроочу Тараптын өкүлдөрүнүн баруусу суроо жиберилген Тараптын алдын ала макулдугу менен ишке ашырылат.
10-берене.
1. Бул Макулдашууда каралган кызматташтыкты ишке ашыруунун жүрүшүн баалоо, ошондой эле кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн маселелерин иштеп чыгуу үчүн Тараптар жыл сайын Тараптардын ар биринин мамлекетинде кезектешип кабыл алуу менен биргелешкен жумушчу жолугушууларды, кеңешмелерди, семинарларды уюштурушат.
2. Тараптар наркотиктерди мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө кызматташууну кароо жана баалоо үчүн, ошондой эле кызматташуунун жаңы чөйрөлөрүн пландоо/талкуулоо жана жылдыруу үчүн Биргелешкен жумушчу топ түзүшөт.
3. Түзүлгөн ал Биргелешкен жумушчу топ Тараптардын ар биринин аймагында жыл сайын кабыл алуу Тараптын төрагалыгы менен иш боюнча жолугушууларды өткөрөт.
11-берене.
Бул Макулдашууну аткаруу үчүн компетенттүү органдар төмөнкүлөр болушат:
Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат;
Түркия Республикасынан - Түркия Республикасынын Ички иштер министрлиги.
12-берене.
Тараптардын макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзүнчө Протоколдор менен таризделет. Ал Протоколдор ушул макулдашуунун 14-беренесинде каралган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
13-берене.
Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда пайда болгон бардык маселелерди жана пикир келишпестиктерди кеңешүү жана сүйлөшүү жолу менен чечишет.
14-берене.
1. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнүн күнүнөн баштап күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири бул Макулдашууну токтотуу ниети жөнүндө Макулдашуунун мөөнөтү бүтөөрдөн үч ай мурдатан жазуу жүзүндө кабарлабаса өзүнөн өзү кийинки бир жылдык мезгилдерге узартыла берилет.
Бул Макулдашуу 2012-жылдын "__" _______ __________ шаарында, ар бири кыргыз, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө айырмачылыктар пайда болсо, англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн