Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 1-апрели № 190
Республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын абаттоо, санитардык абалын, экологиялык жагдайды жакшыртуу, курчап турган чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө болгон жашылдандыруу аянттарын көбөйтүү максатында:
1. 2011-жылдын 1-апрелинен баштап 31-майына чейин республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо, абаттоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыялансын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустук, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана чарбакер субъекттердин жетекчилерине көчөлөрдү, короолорду тазалоо, эл жашаган жерлерди, администрациялык жана турак жай имараттарынын тышын иретке келтирүү боюнча ишембиликтерди өткөрүүнү, жашылдандыруу иштерин, жолдорду, социалдык-маданий, турмуш-тиричилик объекттерин жана айылдык инфраструктураны оңдоону жүргүзүүнү камсыз кылышсын.
3. Облустук мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тийиштүү аймактарда эң жакшы көчө, кичи район, айыл, айыл өкмөтү, шаар жана район наамына конкурсту жыйынтыктарды чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен уюштуруу сунуш кылынсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустук, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын 2011-жылдын 5-майына карата, ал эми жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы тууралуу 2011-жылдын 10-июнуна карата тиркемеге ылайык форма боюнча маалымдасын.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарына, Кыргыз Реслубликасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына эки айлыктын алкагында аткарылуучу иш-чаралардын жүрүшүн кеңири чагылдыруу сунуш кылынсын.
6. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каржаттарында жарыялансын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
№ | Иш-чаралардын аталышы | Облус боюнча бардыгы | Райондор боюнча | Шаарлар боюнча |
1 | Ишембиликке катышкан уюмдардын, жамааттардын саны |
|
|
|
2 | Катышкан адамдардын саны |
|
|
|
3 | Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (миң сом) |
|
|
|
4 | Тигилген парктардын, скверлердин, бактардын саны |
|
|
|
5 | Бардыгы болуп дарак тигилген (даана) |
|
|
|
6 | Бардыгы болуп көчөт тигилген (даана) |
|
|
|
7 | Оңдолгон жолдор жана тротуарлар (м) |
|
|
|
8 | Имараттардын оңдолгон фасаддары (даана) |
|
|
|
9 | Санитардык тазаланган, акталган дарактар (даана) |
|
|
|
10 | Орнотулган штакетниктер (п.м) |
|
|
|
11 | Чыгарылган таштанды (тонна) |
|
|
|
12 | Тазаланган арык тармагы (км) |
|
|
|
13 | Иштин башка түрлөрү |
|
|
|