Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-апрели № 372
2012-жылы Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыздоо максатында:
1. 2012-жылы Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өз убагында даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- 2012-жылдын 15-апрелине чейин тийиштүү даярдык көрүү иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- тийиштүү милдеттерди аныктоо менен жумушчу топ түзсүн;
- контролдоону камсыздасын жана даярдануу иш-чаралар планын ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн;
- даярдануу иш-чаралар планына ылайык чыгымдар сметасын түзсүн жана бекитсин;
- республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттарды, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү үчүн каржылоонун башка булактарынан кошумча каражаттарды издеп тапсын.
3. Уюштуруу комитетине белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Карашев Аалы Азимович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Беков Төрөгул Ниязович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Казакбаев Руслан Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Азыранкулов Айбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу; |
Асанакунов Мирбек Аскерович | - | Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу; |
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Атаханов Шамиль Есенжанович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; |
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Рысалиев Зарылбек Кылычбекович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Жапаров Акылбек Үсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри; |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Сагимбаева Динара Зарлыковна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Жунусов Ибрагим Кожоназарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри; |
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Раев Султан Акимович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Мусаев Көлбай Алишерович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Рыскулова Айгүл Маратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы; |
Каназаров Султанбек Төлөнович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Маматбеков Айбек Бекбоевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы; |
Насирдинов Нурлан Акжолтоевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш башкаруучусу; |
Осмоналиев Асанбек Арыстаналиевич | - | Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору (макулдашуу боюнча); |
Шайдинов Эрик Төрөбаевич | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча). |