Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 7-августу № 431-б
"Тышкы карызды туруктуу өнүгүүгө алмашуу" долбоордук программасынын чегинде Кыргыз Республикасынын тышкы карызын Афганистанга жардамга алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында:
1. Жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2009-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө "Тышкы карызды туруктуу өнүгүүгө алмашуу" долбоордук программасынын чегинде Кыргыз Республикасынын тышкы карызын Афганистанга жардамга алмашуу боюнча тийиштүү сунуштарын киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматты сурап алууга укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-августундагы № 431-б буйругуна тиркеме |
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам стратегиясы башкармалыгынын начальниги;