Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2012-жылдын 5-ноябры ПБ № 160

Эл аралык аба каттамдарын, аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу жана андан аркы багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун базасында региондук түйүндүү борборду түзүү максатында:

1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

Ахметова Н.М. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;

Черный И.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;

Шаимбетов Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн

эксперти;

Токобаев Д.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр Улуттук институтунун директорунун биринчи орун басары;

Бектурганов Ж.Т. - "Кыргызстан" Авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Исаев Т.К. - "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Бусурманкулов А.Б. - "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Каляга Л.В. - "Кыргызстан" Авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Бабак Е.А. - "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун региондук өнүктүрүү боюнча директору (макулдашуу боюнча);

Жолдошев Н.Б. - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);