РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 612-б (Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бюджеттен алынган бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө) буйругу.

Редакцияот 26.12.2014
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 26-декабры № 612-б

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын оор финансылык абалын көңүлгө алуу менен жана бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнү камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Бишкек шаарынын калкын жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен жабдуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан карыздарды төлөөгө 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан республикалык бюджеттен алынган 100 (жүз) млн сом суммасындагы бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтүн 2015-жылдын 31-декабрына чейин узартсын;

- бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтүн узартууну эске алып, Бишкек шаарынын мэриясы менен 2013-жылдын 30-октябрындагы № 1 Ссуда келишимине кошумча макулдашуу түзсүн.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев