РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 630-б (Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө) буйругу

Редакцияот 31.12.2014
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2014-жылдын 31-декабры № 630-б

«Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары» фестивалынын жакшы уюштурулушуна жана ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Акибаев Асхат Акибаевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Кол Аврора» санаторийи» мамлекеттик ишканасынан директору;

Асылбашева Дариха Замировна

«Асылбашев Креатив» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу;

Боромбаев Рыскул Мамбеткулович

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборун директору;

Ибраев Эркинбек Расулович

сценарист, режиссер;

Латыпова Сырга Жапаровна

«Шаттык» ансамблинин жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамоталарын даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев