РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 444-б (Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы («жол картсы») жөнүндө) буйругу.

Редакцияот 07.10.2014
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 7-октябрындагы № 444-б

1. Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планынын ("жол картасынын") расмий тилде тиркелген долбооруна Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

2. Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө билдирүүнүн расмий тилде тиркелген долбоору Евразия экономикалык союзун түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союздун толук укуктуу мүчөсү болуу ниетин эске алуу менен жактырылсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев