РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 146-б (Мамлекеттик номери KGBM1998, кыймылдаткычынын № 054541, кузовунун № KNAFB2422WA410200 «КИА-ШУМА» маркасындагы автомашинаны «мамлекеттин пайдасына баш тартуу» бажы режиминде тариздөө жөнүндө) буйругу

Редакцияот 02.04.2015
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 2-апрели № 146-б

Автоунаа каражатын мамлекеттин менчигине өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Спасите детей" кайрымдуулук фондунун арызынын негизинде 1998-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери KGBM1998, кыймылдаткычынын № 054541, кузовунун № KNAFB2422WA410200 "КИА-ШУМА" маркасындагы автомашинаны "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажы режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик мүлктү баткаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгечө кырдаалдар министрлигинин оперативдик башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автоунаа каражатын белгиленген тартипте оперативдик башкарууга кабыл алсын жана автоунаанын наркына баалоо жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мулктүн наркын белгиленген тартипте республикалык бюджеттин киреше бөлугүңдө эске алсын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев