РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 168-б («Дружба» Кыргыз-Герман медициналык борбору» коомдук фондусуна Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 122 дарегинде жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттын пайдаланууга берүү жөнүндө) буйругу

Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 21-апрели № 168-б

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы «Дружба» Кыргыз-Герман медициналык борбору» коомдук фондусуна Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 122 дарегинде жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттын экинчи кабатындагы ээлеп турган аянты 335,4 м. кв болгон жайды коммуналдык тейлөөсүн жана эксплуатациялык сарптоолорун төлөө менен 15 жылдык мөөнөткө бекер пайдалануу келишиминин шартында берсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев