РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 169-б (Талды-Булак Сол жээк кенинин-кен руднигинин курулушунун, техникалык чечимдерин жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамы жөнүндө) буйругу

Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 21-апрели № 169-б

Талды-Булак Сол жээк кенинин кен руднигинин курулушунун техникалык чечимдерин жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Талды-Булак Сол жээк кенинин кен руднигинин курулушунун техникалык чечимдерин жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Комиссия Талды-Булак Сол жээк кенинин кен руднигинин курулушунун техникалык чечимдерин жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуу боюнча корутундуну Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине бир айлык мөөнөттө берсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

Тиркеме

Талды-Булак Сол жээк кенинин-кен руднигинин курулушунун, техникалык чечимдерин жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамы

 

Сарпашев Т.Д.

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы;

Касымалиев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары;

Зилалиев Д.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:

Азимов А.К.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Баетов Б.И.

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;

ДалбаевТ.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалану бөлүмүнүн кен пайдалануу секторунун башчысы;

Артыкбаев Р.С.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;

Рустамова А.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Тагаев Р.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Абдыбеков A.M.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;

Абдрахманов СУ.

 

- «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын тышкы экономикалык байланыштар жана инвестициялар жана геологиялык иштер боюнча орун басары (макулдашуу боюнча);

ДуйшеевО.Д.

- Кыргызстан геологдор жана өнөр жайчылар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Асаналиев Г.Б.

- көз карандысыз эксперт, металлург-кен байытуучу (макулдашуу боюнча);

Толобекова Б.Т.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геологиялык-экономикалык баалоо лабораториясынын начальниги.