РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-Министринин 2015-жылдын 8-июнундагы № 220 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилеринин ишин пландоо процессии системалаштыруу, макулдашууну камсыз кылуу жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү жѳнγндѳ каражаттар боюнча) буйругу

Редакцияот 08.06.2015
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 8-июну № 220

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилеринин ишин пландоо процессии системалаштыруу, макулдашууну камсыз кылуу жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү максатында:

1. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун биринчи жетекчилери:

- иштин жекече графигин ар жумалык негизде иштеп чыгышсын жана бекитишсин;

- келерки жумага бекитилген иштин жекече графигин "АПТА-GOV.KG" (электрондук дареги: ftp.apta.gov.kg) электрондук ресурсуна ар жума сайын (жума күнү, саат 16-00го чейин) жайгаштырышсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилеринин "АПТА-GOV.KG" электрондук ресурсун колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен анын үзгүлтүксүз иштешин уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү ушул буйруктун 1-пунктунун аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүшсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппарат жетекчисинин орун басары Ж.А. Исакуловго жγктѳлсγн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев