КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-звгустундагы № 406-б («Транском» жана «Өкмөттүк байланыш» мамлекеттик мекемесинин иштөөсү үчүн шарттарды түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 21-звгусту, № 406-б
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемесинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Өкмөттүк байланыш" мамлекеттик мекемесинин иштөөсү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасыньн Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык сарптоолорго акы төлөө менен бекер пайдалануу келишиминин шартында жайгаштырсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемесин - Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 205 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имаратка (жалпы аянты 182,1 кв. м болгон № 117-125 кабинеттерге), ошондой эле Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имаратка (жалпы аянты 130 кв. м болгон №113,117 жана 118 кабинеттерге);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Өкмөттүк байланыш" мамлекеттик мекемесин - Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 205 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имаратка (жалпы аянты 126,38 кв. м болгон Өкмөттүк автоматтык телефон станциясынын кабинетине), ошондой эле Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имаратка (жалпы аянты 61,2 кв. м болгон №102, 103 жана 106 кабинеттерге).
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |