РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-сентябрындагы N 421-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы Энергетика, гидроресурстар жана энергия жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна макулдук берүү тууралу) буйругу

Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 3-сентябры № 421-б

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы Энергетика, гидроресурстар жана энергия жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.

 

Премьер-министри

 

Т.А. Сариев

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай

министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Энергетика

министрлигинин ортосундагы Энергетика, гидроресурстар

жана энергия жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум

 

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Иран Ислам Республикасынын Энергетика министрлиги бирдей жана өз ара пайданын негизинде гидроэнергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип төмөнкү маселелер боюнча макулдашууга жетишти:

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын жогорку гидроэнергетикалык потенциалын эске алуу менен Тараптар биргелешкен инвестиция жумшоо жана плотиналарды жана гидроэлектр станцияларын куруу боюнча иран компанияларынын кыргыз энергокомпаниялары менен кызматташуусунун келечектүүлүгүн белгилешти.

 

2-берене.

 

Иран Ислам Республикасынын Энергетика министрлиги плотина жана гидроэлектр станцияларды изилдөө жана куруу үчүн кеңири белгилүү жана тажрыйбалуу инженердик-консалтингдик жана курулуш компанияларын кыргыз Тарапка берет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги иран Тарапка гидроэлектр станцияларды куруу боюнча долбоорлорду берет жана андан ары биргелешип инвестициялоо жана тандалып алынган долбоорлорду жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулоо максатында Тараптар өз ара сүйлөшүүлөрдү башташат.

 

4-берене.

 

Тараптар Кыргыз Республикасында электр жабдууларын, анын ичинде электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү үчүн трансформаторлорду, өчүргүчтөрдү, ток жана чыңалууну өлчөөчү трансформаторлорду, электр зымдары менен кабелдерди, изолятор жана электр приборлорун, люминесценттүү шамчырактар менен лампаларды чыгаруу боюнча биргелешкен инвестициялоону колдойт.

 

5-берене.

 

Ушул Меморандумдун 4-беренесин ишке ашырууну баштоо үчүн Тараптардын ортосунда техникалык жана келишимдик маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечилген.

 

6-берене.

 

Берүү линияларын куруудагы жана электр энергиясын бөлүштүрүүдөгү иран инженердик-консалтингдик компанияларынын жана подрядчылардын тажрыйбаларын эске алуу менен Тараптар ушул жаатта иран Тараптын кыргыз Тарап менен кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.

 

7-берене.

 

Жылуулук электр станцияларын жана шамал электр станцияларын куруудагы иран Тараптын тажрыйбасын эске алуу менен ирандык компаниялардын Кыргыз Республикасында шамал жана жылуулук электр энергияларын өндүрүү боюнча долбоорго катышуу мүмкүндүгүн иликтөө жана тиешелүү сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды.

 

8-берене.

 

Тараптар өзгөчө колдоого алуу менен ушул Меморандумдун 7-беренесинде аталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана үч айдын ичинде алардын жыйынтыгын талкуулоо чечимин кабыл алышты.

 

9-берене.

 

Тараптар Меморандумга мониторинг өткөрүү жана аны жүзөгө ашыруу үчүн курамына Тараптардын ар биринен төрттөн өкүл кирген жумушчу топ түзүшөт. Жумушчу топтун мүчөлөрү Тараптар тарабынан бир айдын ичинде бири-бирине тааныштырылат, бул жумушчу топ эки өлкөнүн борбор шаарларында жылына эки жолу жолугуп турушат.

 

10-берене.

 

Ушул Меморандумду чечмелөөдө же жүзөгө ашырууда пикир келишпестиктер пайда болсо, Тараптар аны достук консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.

 

11-берене.

 

Ушул Меморандум Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою күчүндө болот.

Меморандум жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 30 календарлык күн мурда Тараптардын бири ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу жөнүндө экинчи Тарапка билдирбесе автоматтык түрдө 1 жылга узартылат.

Ушул Меморандумду бузуу мурда жүзөгө ашырылган программаларга жайылтылбайт.

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

 

Ушул Кызматташуу жөнүндө меморандумга кыргыз, орус, перс жана англис тилдеринде эки нускада _____________ шаарында 2015-жылдын "__" сентябрында кол коюлган. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.

 

Кыргыз Республикасынын

Энергетика жана өнөр жай

министрлиги үчүн

Иран Ислам

Республикасынын Энергетика

министрлиги үчүн