КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-сентябрындагы № 436-б (Түрк Академиясынын бюджетине катышуучу-өлкөлөр тарабынан милдеттүү төлөөлөрдүн шкаласы боюнча протоколдун мамлекеттик тилдеги долбоорун жактыруу тууралу) буругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-сентябры № 436-б
1. Түрк Академиясынын бюджетине катышуучу-өлкөлөр тарабынан милдеттүү төлөөлөрдүн шкаласы боюнча протоколдун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына чыгарылуучу Түрк Академиясынын персоналынын жобосунун долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| Т.А. Сариев |
Долбоор
Түрк Академиясынын бюджетине катышуучу-өлкөлөрдүн милдеттүү төлөөлөрүнүн шкаласы боюнча протокол.
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын өкмөттөрү 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк Академиясын түзүү жөнүндө макулдашуунун жоболоруна шилтеме жасоо менен милдеттүү төлөөлөр боюнча төмөнкүдөй шкаланы белгилөөнү макулдашты:
Кыргыз Республикасы - 5%
Азербайжан Республикасы - 25%
Казакстан Республикасы - 40%
Түрк Республикасы - 30%
Ошону менен катар Түрк Кеңешинин тышкы иштер министрлигинин Кеңеши Түрк Кеңешинин комитетинин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда ушул шкалага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу, мындай зарылдык катышуучу-өлкөлөрдүн экономикалык дарамети өзгөргөн жана/же уюм кеңейтилген учурда келип чыгат. Бул өзгөртүүлөр кийинки жылдын бюджети үчүн натыйжалуу болууга тийиш жана төлөөлөр тиешелүү түрдө жасалышы керек.
Төлөөлөрдүн жаңы шкаласы бекитилгенге чейин ушул Протоколдо аталган шкала жарактуу болуп эсептелет.
Протоколдун күчүнө кириши үчүн талап кылынган мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аяктагандан кийин депозитарий жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алгандан кийин 13-күнү бул Протокол күчүнө кирет.
Казакстан Республикасы ушул Протоколдун Депозитарийи болуп саналат. Депозитарий тиешелүү Тараптардан ушул Протоколдун күчүнө кирген датасы жөнүндө, ошондой эле ратификациялангандыгы, кабыл алынганы, жактырылганы же күчүнө киргендиги жөнүндө документ алгандыгы тууралуу Тараптарга дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлоого тийиш.
_________________ бир нускада кыргыз, азербайжан, казак, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, алардын тексттери түп нуска болуп эсептелет. Талаш учурлар болуп калса, Тараптар Протоколдун англис тилиндеги версиясына кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| |
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| |
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| |
Түрк Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|