КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-октябрындагы N 521-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу боюнча долбоор - БА ЖКЖД - 1) өзгөртүү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
Бул документ орус тилинде да барРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-октябры № 521-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу боюнча долбоор - БА ЖКЖД - 1) өзгөртүү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине аталган макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |