Редакцияот 20.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 20-ноябры № 565-б

Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) 2015-жылдын ноябрында болуучу "CASA-1000" электр энергиясын берүү боюнча долбоордун Өкмөттөр аралык кеңешинин (мындан ары - Өкмөттөр аралык кеңеш) кезектеги жыйынына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Өкмөттөр аралык кеңештин "CASA-1000" электр энергиясын берүү боюнча долбоорду ишке ашырууга карата айрым укуктук документтердин акыркы тексттерин жана алар менен байланышкан маселелерди жактыруу жөнүндө" резолюциясынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

3. Делегациянын башчысына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Резолюциянын долбооруна жана Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтык документтерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) 2015-жылдын ноябрында болуучу "CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы

Калиев А.Р.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, делегациянын башчысы;

Байгончоков М.К.

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Тулебердиев Р.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу;

Айткулов М.А.

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Толубаев Т.М.

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).