Редакцияот 07.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР

БУЙРУК

2015-жылдын 7-декабры № 172

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетторун даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында:

1. Отчетту жаңы форматта даярдоону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетторун даярдоо форматы боюнча сунуш даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетторун даярдоонун жаңы форматын бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.  

 

Н.С. Момуналиев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетторун жаңы форматта даярдоону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси -министр, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орта басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-.энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары.