КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр 2015-жылдын 13-ноябры № 157 (Ведомстволор аралык комиссия курамы түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 13-ноябры № 157
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери тарабынан жер мыйзамдары жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мыйзамдардын бузулгандыгы боюнча жаран Г.Д.Тазалиеванын кайрылуусунда баяндалган маселелерди кароо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө жаран Г.Д.Тазалиеванын кайрылуусунда баяндалган маселелерди изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына сунуштамаларын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- ведомстволор аралык комиссиянын сунуштамаларынын негизинде тиешелүү чараларды көрсүн;
- ведомстволор аралык комиссиянын сунуштамалары келип түшкөндөн кийин беш күндүк мөөнөттө көрүлгөн чаралар жөнүндө арыз ээсине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин.
4. Ведомстволор аралык комиссияга ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Исаков Ж.Ы. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Шамканов К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы: | ||
Калыбаев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти; |
Осмонов М.К | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Сооронова Н.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Жер кадастры жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын начальниги; |
Кебеков А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кыймылсыз мүлк рыногун каттоо жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Ажибраимова Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
Токмулина Н.В. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ички контролдоо башкармалыгынын улук инспектору; |
Бектемишов У.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бешинчи башкы башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча опер кызматкери; |
Садыбакасов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери; |
Баканов Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Мүлктү каттоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Ажыканов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетектөөчү адиси. |