Редакцияот 26.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 26-январы № 28-б

Кыргыз Республикасынын пилоттук айыл аймактарында тубар бодо малды жасалма уруктандыруу жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Тубар бодо малга жасалма уруктандыруу жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын пилоттук айыл аймактарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:

- пилоттук айыл аймактарында малга жасалма уруктандыруу жүргүзүү үчүн асыл тукум букалардын жогорку сапаттагы уруктары менен камсыз кылсын;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте:

бодо малды өз убагында жасалма жол менен уруктандырууну камсыз кылсын жана породасыз букалар менен табигый куудурууга жол бербесин;

малды жасалма уруктандыруунун пайдалуу жактары жөнүндө айыл элине кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бодо малды жасалма уруктандырууну жүргүзүүдө практикалык жардам көрсөтсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

  

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Тубар бодо малга жасалма уруктандыруу жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын пилоттук айыл аймактарынын ТИЗМЕСИ

Айыл аймактарынын аталышы

Райондор

Тубар мал, саны

Жалал-Абад облусу

1

Барпы (1 айыл)

Сузак району

400

2

Достук (1 айыл)

Ноокен району

500

Ош облусу

3

Мады (1 айыл)

Кара-Суу району

300

4

Алля Анаров (1 айыл)

Араван району

530

Баткен облусу

5

Кулунду (1 айыл)

Лейлек району

976

6

Дара (1 айыл)

Баткен району

985

7

Ак-Турпак (1 айыл)

Кадамжай району

864

Ысык-Көл облусу

10

Түп (1 айыл)

Түп району

2361

11

Кутургу(2 айыл)

Түп району

647

12

Талды-Суу (2 айыл)

Түп району

805

13

Сары-Булак (1 айыл)

Түп району

691

14

Саруу (1 айыл)

Жети-Өгүз району

2100

15

Ак-Дөбө (2 айыл)

Жети-Өгүз району

2700

Талас облусу

16

Ак-Дөбө (1 айыл)

Бакай-Ата району

250

17

Чолпонбай (2 айыл)

Кара-Буура району

922

18

Өмүралиев (1 айыл)

Талас району

400

Нарын облусу

19

Миң-Булак (1 айыл)

Нарын району

750

20

Жаңы-Талап (1 айыл)

Ак-Талаа району

420

21

Бирлик (1 айыл)

Ат-Башы району

1136

Чүй облусу

22

Кызыл-Октябрь (1 айыл)

Кемин району

350

23

Таш-Мойнок (1 айыл)

Аламүдүн району

300

24

Ак-Беппш (1 айыл)

Чүй району

1269

25

Сын-Таш (1 айыл)

Ысык-Ата району

620

26

Ак-Башат (1 айыл)

Жайыл району

2653

27

Беловодск (1 айыл)

Москва району

700

28

Чапаев (1 айыл)

Москва району

200

29

Төш-Булак(1 айыл)

Сокулук району

643

Республика боюнча бардыгы

Бардыгы

31 айыл

22 район

24472 баш